2026-жылдын 5-мартында Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу жана жайылтуу максатында окутуучулар жана студенттер үчүн конок лекция өткөрүлдү.

Конок лекцияны өткөрүү үчүн белгилүү акын, публицист, тарых илимдеринин кандидаты, философия илимдеринин доктору Баяс Турал мейманга чакырылды.

Баяс Турал өз баяндамасында Кыргызстанда жайылтылып жаткан Уңгужолдун маани-мазмуну, негизги багыттары болгон таалим-тарбия, илим, билим жана маданият, мамлекеттик тил, идеология жөнүндө бир катар маалыматтарга токтолду. Автор кыргыз элинин кечээкисин, бүгүнкүсүн, эртеңкисин Уңгу жолдун алкагында чечмелеп, абдан кызыктуу маек куруп берди. Факультеттин окутуучулары жана студенттери «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу тууралуу суроолорун берип, талкуу абдан кызыктуу өттү.

(С) Сатыбалдиева А.К. – илимий иштер боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий