2026-жылдын 6-мартында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институтта «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу – жаңы муундун мугалимине ишенимдүү багыт» аттуу студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Иш-чараны мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, студенттердин илимий изилдөөгө болгон кызыгуусу, билим берүүдө улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү маселелеринин маанилүүлүгү тууралуу куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Иш-чаранын модератору п.и.д. профессор Рахат Сулайманова болду.
Конференциянын жүрүшүндө студенттер төмөнкү темаларда баяндамаларды жасашты:
- Болотбек уулу Нурсултан – 1-курс, ФОи-3-25 “Кыргыз эли”
- Файзулла кызы Алтынай — 2-курс, ФМОм(б)-1-24 “Математика сабагын улуттук баалуулуктарды өнүктүрүүгө интеграциялоо”
- Таалайбек кызы Уулкан — 2-курс, ФМОм(б)-1-24 «Улуттук тарбия жана акыл-эс маданияты: математиканын таасири»
- Капарова Аэлита – 1-курс, ФОи-1-25 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик: педагогика жана социалдык мамилелер”
- Алиева Айгерим — 2-курс, ФМОм(б)-1-24 “Улуттук оюндар – билим берүүнү санариптик трансформациялоонун куралы катары”
- Артисбек кызы Адина — 2-курс, ФМОм(б)-1-24 “Улуттук баалуулуктар жана табият мыйзамдары»
- Асылбекова Диана – 1-курс, ФОи-4-25 “Билим берүү чөйрөсүндө социалдык коммуникация”
- Смайылова Элиза — 2-курс, ФМОм(б)-1-24 “Боз үйдүн математикалык түзүлүшү жана улуттук нарктуулугу”
- Маликова Арууке — 1-курс, ФОи-1-25 “Физическая культура и спорт”
- Маматкулова Ширин – 1-курс, ФОи-1-25 “Современное образование как фактор развития национального духа студентов “
- Камчыбекова Сабина — 1-курс, ФОи-1-25 «Роль государственного языка в формировании национального духа в системе образования»
- Төлөгөнова Астра – 1-курс, ФОи-3-25 “Кыргыз жери”
- Закирбекова Азиза – 1-курс, ФОи(б)-3-24 “Айлана-чөйрө”
- Бактыбек кызы Канайым – 1-курс, ФОи(б)-3-2 “Мамлекеттик тил”
- Руслан кызы Акбермет – 2-курс, ФОк-1-24 “Ч. Айтматовдун чыгармаларында улуттук баалуулуктар”.
Конференциянын алкагында билим берүү менен улуттук маданияттын өз ара байланышы, мамлекеттик тилдин ролу, ошондой эле улуттук баалуулуктарды заманбап билим берүү процессине интеграциялоо маселелери талкууланып, жыйынтыгында мыкты баяндамалар бааланып, жеңүүчүлөр аныкталды. 1-даражадагы диплом Смайылова Элизага жана Файзулла кызы Алтынайга ыйгарылды. 2-даражадагы дипломго Алиева Айгерим, Таалайбек кызы Уулкан жана Болотбек уулу Нурсултан ээ болушту. 3-даражадагы диплом Артисбек кызы Адина менен Руслан кызы Акберметке тапшырылды.
Жеңүүчү студенттер мындан ары университеттин институттар, факультеттер аралык илимий конкурсуна катышууга жолдомо алышты. Калган катышуучуларга Ардак грамоталар тапшырылып, иш-чара соңунда эскерүү сүрөткө түшүү аземи уюштурулду.
(С) Айсулуу Эгамбердиева — директордун илимий иштер боюнча орун басары