2026-жылдын 5-7 — март күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында «Англис тили жана инклюзивдик билим берүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүк боюнча саммит» болуп өттү. Иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы эксперттеринин, министрликтердин жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн башын бириктирди.
Саммитке Кыргыз Республикасынын атынан илим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Айнура Исиралова, о.э. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдыңкы адистери катышты.
Саммиттин негизги максаттары:
- англис тилин окутуудагы улуттук реформаларды колдоо.
- мугалимдерди дипломго чейинки даярдоо тутумун (PRESETT) заманбапташтыруу боюнча алдыңкы тажрыйба алмашуу.
- инклюзивдик билим берүү стандарттарын киргизүү жана гендердик өңүткө багытталган ыкмаларды талкуулоо.
- региондогу жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруу программаларын күчөтүү.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан саммитке Чет тилдер институтунун англистика кафедрасынын башчысы Мамытова Асель Казыбековна катышты.
Бул демилге Британ кеңешинин (British Council) 2025-жылы Кыргызстанда башталган «Борбор Азияда англис тилин үйрөнүүнү тездетүү» масштабдуу долбоорунун уландысы болуп саналат. Долбоор педагогикалык курамды комплекстүү колдоого жана окутуу методикасын заманбапташтырууга багытталган. Программанын алкагында Кыргыз Республикасынын өнөктөш жогорку окуу жайлары эл аралык критерийлерге шайкеш келтирүү максатында «Лингвистика», «Филологиялык билим берүү» жана «Филология» багыттары боюнча билим берүү программаларын, стандарттарын жана окуу пландарын системалуу түрдө кайра карап чыгышууда.
Негизги өнөктөштөр жана уюштуруучулар: Саммит Британ кеңеши (British Council), FCDO, Улуу Британиянын Ташкенттеги Элчилиги жана UK International Development уюмунун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Академиялык колдоону Норидж тилдик билим берүү институту (NILE) көрсөтүүдө. Регион тараптан негизги өнөктөштөр катары Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлиги жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн тармактык министрликтери катышууда.
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары