2026-жылдын 5-мартында Юридикалык институттун административдик, финансылык жана маалымат укугу кафедрасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу алкагында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аталышындагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Конференция улуттук руханий баалуулуктарды сактоо, аны илимий негизде талдоо жана жаш муундарды дүйнөлүк бийиктиктерге умтулууга чакыруу максатын көздөдү. Иш-чарага ар түрдүү жогорку окуу жайларынын, институттардын жана факультеттердин студенттери, жаш окумуштуулар, ошондой эле КУУнун жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Конференцияны мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Аспира Бакова куттуктоо сөзү менен ачып беришти. Иш-чаранын модератору административдик, финансылык жана маалымат укук кафедрасынын башчысы Эрлан Базарбаев болду.
Проректор Назаркул Ишекеев жаштардын улуттук иденттүүлүктү сактоодогу ордуна токтолуп, санариптештирүү доорунда улуттук долбоорлорду иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Профессор Эрлан Базарбаев «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолунун талаптарын юридикалык илимде жана билим берүү процессинде колдонуунун теориялык-практикалык аспектилерин талдап берди.
Конференциянын алкагында ар кыл жогорку окуу жайларынан келген студенттер өз докладдарын окушту. Изилдөөлөр улуттук баалуулуктарды санариптик доордо сактоо, улуттук идеология, үй-бүлөлүк баалуулуктар, мамлекеттик башкаруудагы улуттук кызыкчылыктар жана кыргыз тилинин дүйнөлүк деңгээлге чыгуудагы ролу сыяктуу өлкө үчүн актуалдуу темаларды камтыды.
Конференциянын алкагында төмөнкү студенттер өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен бөлүштү:
- Эрнис кызы Акбермет (Кыргыз улуттук агрардык университети, Агрономия жана токой чарба факультети, 3-курс): «Санариптик доордогу улуттук баалуулуктар: социалдык тармактардагы адеп-ахлак жана маалыматтык укук».
- Шамырзаев Баялы: «Улуттук идеология жана мамлекеттик саясаттын багыты».
- Култаев Байэл (Журналистика жана коммуникация институту, 1-курс): «Үй-бүлөлүк баалуулуктар — күчтүү мамлекеттин жана укуктук коомдун негизи».
- Раимбуаева Нурзида (Юридикалык багыт): «Улуттук дем – тилдин бийиктиги».
- Омурова Айданек (Чет тилдер институту, 2-курс): «Улуттук баалуулуктарды чет тил аркылуу дүйнөгө таанытуу».
- Бактыяров Байэл (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети, 3-курс): «Мамлекеттик башкарууда улуттук баалуулуктардын орду».
- Сталбекова Айзада (Юридикалык институт): «Руханий мурас жана заманбап укуктук коом».
- Мырзаканов Исхак (Юридикалык институт): «Кыргыз тили — улуттук демдин өзөгү жана дүйнөгө чыгуу куралы».
- Сүйналиева Жибек (Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Тарых бөлүмү): «Байыркы кыргыз мамлекеттүүлүгү – улуттук демдин башаты».
- Кумарбекова Айдана (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети): «Мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана улуттук кызыкчылык».
- Мисиров Шеркан (Юридикалык институт): «Кара тил» (же Эне тил маселелери).
Конференция улуттук мурасты заманбап укуктук коом менен айкалыштыруу маселелерин талкуулоо менен жыйынтыкталды. Бул иш-чара жаш окумуштуулар үчүн өз идеяларын эркин билдирүүгө жана улуттук баалуулуктарды дүйнөлүк масштабда таанытууга багытталган аянтча катары кызмат кылды. Иш-чаранын соңунда жигердүү катышкан студенттерге жана жаш изилдөөчүлөргө атайын сертификаттар тапшырылды.
(С) Бакова А.Б. — Юридикалык институттун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары