2023-жылдын 1-ноябрында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ПиП-1-20 группасынын студенттеринин профессионалдык-профилдик практикасы аяктагандыгына байланыштуу отчетторду кабыл алуу иш-чарасы болуп өттү.
Жыйынга карьера жана практика борборунун өкүлү менен бирдикте институттун директору Камчыбек уулу М., директордун орун басары Качкынова А.Т., кафедра башчысы, профессор Асипова Н.А., ага окутуучу Калибекова Д.Т. жана куратор Нурбекова С.Н. катышып, студенттер менен жандуу баарлашуунун негизинде практиканын жүрүшү талкууланды.
(С) Нурбекова С.Н. – жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу