Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты филология илимдеринин кандидаты, доцент Сыдыков Назир агайды 70 жылдык мааракеси менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Назир агай – кыргыз филология илиминин өнүгүшүнө салым кошуп, көп жылдык үзүрлүү эмгеги менен илим чөйрөсүндө өз ордун тапкан, студенттерге терең билим, тарбия берип келе жаткан устат. Агайдын илимий эмгектери, педагогикалык чеберчилиги жана адамгерчилик сапаттары кесиптештерине, шакирттерине үлгү болуп келет.
Ушул мааракелүү күнү урматтуу агайыбызга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, талыкпаган чыгармачылык дем жана илимий ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди каалайбыз. Ар дайым кесиптештеринин кадыр-баркында, үй-бүлөсүнүн сый-урматында, студенттеринин сүймөнчүлүгүндө болуп, эл агартуучу ыйык жолунда дагы далай асыл эмгектерди жарата беришине тилектешпиз.
Мааракеңиз кут болсун, урматтуу Назир агай!
(С) Жаңыбаева М.А. — окуу иштери боюнча декандын орун басары, доцент