2026-жылдын 25-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 30 жылдык мааракесине арналган интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.

Иш-чара факультеттин 30 жылдык тарыхын даңазалоо, студенттердин кесиптик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана мамлекеттик башкаруу тармагына болгон кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлдү.

Акыл таймашка студенттерден түзүлгөн 10 команда катышып, факультеттин тарыхы, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармагы, Кыргызстандын тарыхы боюнча жана логикалык суроолорго жооп берип, билим деңгээлдерин сынашты. Атаандаштык жогорку деңгээлде өтүп, команда мүчөлөрү теориялык билимдерин гана эмес, аналитикалык ой жүгүртүүсүн, ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмүн жана командалык иштөө маданиятын көрсөтүштү.

Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен командалар аныкталып, уюштуруучулар тарабынан дипломдор жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Факультеттин 30 жылдык мааракеси алкагындагы бул иш-чара жаштардын интеллектуалдык потенциалын чыңдап, келечектеги мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармагындагы адистерди тарбиялоого салым кошту.

(С) Джапарова Г.Э. — тарбия иштери боюнча  декандын орун басары

Добавить комментарий