2026-жылдын 24-февралында Тарых жана чөлкөм таануу институтунун Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйында чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын 2022-2023, 2023-2024, 2024-2025 жана 2025-2026-окуу жылдарында аткарылган иштери боюнча 4 жылдык отчету угулду. Отчет беш бөлүктөн туруп, анда кафедранын окуу, окуу-усулдук, илимий-изилдөө, окуу-тарбиялык иштери жана эл аралык байланыштары каралган. 

Жыйынтыгында институттун Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын отчетун жактырып, кийинки иштерине ийгилик каалашты.

(С) Шаршенбек кызы АйпериЧөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын доценти

Добавить комментарий