2026-жылдын 20-февралында Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинде Эне тилдин эл аралык күнүнө карата 1-курстун студенттеринин катышуусунда “Поэзия – жан дүйнөнүн ачкычы” аттуу адабий кече өттү. Иш-чаранын коногу филология илиминин кандидаты, акын Гүлзада Станалиева болду.

Кечени мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачты. Ал ааламдашуу мезгилинде кыргыз тилин активдүү колдонуу ар бир жарандын ыйык милдети экенин баса белгилеп, тил аркылуу улуттун тарыхы, маданияты жана дүйнө таанымы муундан-муунга өтөрүн таасирдүү мисалдар менен түшүндүрдү жана студенттерди 21-февраль – Эне тилдин эл  аралык күнү менен куттуктады. Факультет деканы Эсен Усубалиев бул саамалыктын өтүшүн кубаттады. Студенттер кечеде өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү, акын Гүлзада Станалиеванын “Иңир” аттуу жыйнагындагы ырлардан көркөм айтышты, ал эми 1-курстун студенти  Чалбаева Асема өзүнүн жазган ырын окуду.

Адабий кеченин жүрүшү көтөрүңкү маанайда болуп, Гулзада Станалиева өзүнүн чыгармачылыгы, ырларынын тематикасы тууралуу кеңири айтып, ар кыл мазмундагы ырларынан көркөм окуду жана  студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Жапон тили боюнча адис, дасыккан окутуучу Нариза Дүйшонова менен эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин окутуучусу Медина Мырзанаева өзүнүн чыгармачылык дүйнөсү, жолу тууралу студенттер кеңири маек куруп бергендиги жана активдүү студенттерге белекке берген китеби үчүн Гулзада Станалиевага ыраазычылык билдиришти.

(С) Медина Мырзанаева – эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин ага окутуучусу

Добавить комментарий