2026-жылдын 23-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда LUPIC эл аралык долбоорунун алкагында профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик компетенцияларын өркүндөтүүгө багытталган тажрыйбалык сабак өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – билим берүү процессин интернационалдаштыруу, окуу программаларын модернизациялоо жана окутуунун инновациялык методикаларын интеграциялоо аркылуу академиялык сапатты жогорулатуу болду.
Воркшопко Кемен университетинин профессордук курамы катышып, заманбап илимий-методикалык ыкмалар боюнча баяндамаларды сунушташты. Атап айтканда, Компьютердик инженерия кафедрасынын профессору Ли Док У «Программалык камсыздоонун инженериясы» темасында лекция окуп, программалык продуктыларды иштеп чыгуунун заманбап моделдери, сапатты камсыздоо механизмдери, архитектуралык долбоорлоо принциптери жана инженердик чечим кабыл алуу стратегиялары боюнча кеңири талдоо жүргүздү.
Ошондой эле доктор Йохан Ким «Чоң маалыматтарды талдоо (Big Data Analytics)» дисциплинасы боюнча окутуу методикасынын өзгөчөлүктөрү, компетенттүүлүккө негизделген окуу планынын түзүлүшү жана практикага багытталган окутуу форматы тууралуу илимий-методикалык баяндама жасады. Баяндамада эл аралык билим берүү стандарттарына шайкеш келген окуу пландарын иштеп чыгуу тажрыйбасы жана практикалык компонентти күчөтүүнүн механизмдери өзгөчө белгиленди.
Иш-чара интерактивдүү форматта уюштурулуп, суроо-жооп жана эксперттик талкуу менен коштолду. Эки университеттин окутуучулары академиялык тажрыйба алмашып, биргелешкен билим берүү программаларын өркүндөтүү, илимий изилдөөлөрдү интеграциялоо жана мындан аркы институционалдык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.
Өткөрүлгөн воркшоп LUPIC долбоорунун алкагында кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, билим берүү мазмунун жаңылоого жана эл аралык академиялык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган натыйжалуу практикалык аянтча болуп калды.
(С) Джунушалиева Б.А. — илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары