2026-жылдын 13-мартында Улуттук университте «Улуттук  дем- дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында студенттик илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Жыйынга биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, институт жана факультет түзүмдөрүнүн активдүү  студенттери катышып, мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова алып барды.

Биринчи проректор жаштарга уңгужолго байланыштуу университетте байма-бай өткөрүлүп жаткан бардык иш-чаралардын максаты — нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу экенин  белгилеп өттү. Буга катар бүгүнкү жасалган баяндамалардан мезгил чакырыктарына жооп бере алган, мазмундуу сунуштамалар болооруна ишенээрин билдирди. 

«Улуттук  дем — дүйнөлүк бийиктик» доктринасын жаштардын көзү менен жалпылап ала турган болсок эне тилге жана «Манас» эпосуна болгон чакырыктар басымдуу болду.

Мындан тышкары, улуттук оюм-чийимдердин STEАM билим берүү методикасы менен байланышы, комуз жана нейрогимнастика, боз үйдүн математикалык түзүлүшү, тарыхый эс-тутум, адамзат баалуулуктары, нарктуулук, тоо туризми, билимдүү жаштар темалары өтө кызыктуу баяндалды.

Илимий-конференциянын соңунда мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев улутка дем жана күч боло турчу жигердүү студенттерге ийгилик каалап, сертификаттарды тапшырды.

Добавить комментарий