2026-жылдын 11-мартында Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде “Брейншторм” аттуу колледждер аралык III интеллектуалдык турнир болуп өттү. Мелдешке Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик колледжинин “Bit Nova” командасы да катышып, 1-орунду ээледи.

Турнирдин негизги максаты — студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн, креативдүүлүгүн жана командалык иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүү. Иш-чарага шаардагы бир катар жогорку окуу жайлардын колледждеринен келген командалар катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Турнирдин жыйынтыгында байгелүү орундарга төмөнкү командалар ээ болушту:

  • 🥇 1-орун — Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик колледжи;
  • 🥈 2-орун — М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети;
  • 🥉 3-орун — И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
  • 4-орун — И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланып, бардык катышуучуларга сертификаттар, ал эми командалардын жетекчилерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

“Bit Nova” командасынын курамы:

  • Ишенов Дөөлөт — ПОВТиАС-1-23 тайпасы;
  • Чыңгызбекова Айдина — ПОВТиАС-2-23 тайпасы;
  • Абылов Байэл — ПОВТиАС-2-23 тайпасы;
  • Мадиярбекова Асема — ПОВТиАС-3-23 тайпасы;
  • Мытапов Амир — ПИ-1-25 тайпасы.

Команданын жетекчилери:

Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн окутуучулары Урматова Айдана Урматовна жана Дыйканова Мээрим Тынарбековна

(С) Мамбеталиев Мирбек — Кесиптик колледждин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий