2026-жылдын 13-март күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Улуттук дем — жаштардын келечегинин таянычы жана дүйнөлүк бийиктикке умтулуусунун башбагыты» аттуу илимий-тажырыйбалык конференция болуп өттү.
Жыйындын модераторлук милдетин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев аткарды.
Конференцияны КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна арналган бул илимий конференция улуттук руханий баалуулуктарды сактоо, аларды заманбап дүйнөнүн өнүгүү процесси менен айкалыштыруу маселелерин илимий негизде талкуулоо үчүн маанилүү аянтча экенин белгиледи. Ректордун айтымында, Улуттук дем — бул элдин руханий күчү, анын тарыхый эс тутуму, маданий мурасы жана улуттук аң-сезими, ал эми Дүйнөлүк бийиктик — бул ошол улуттук негизге таянып, илимдин, билимдин жана маданияттын жетишкендиктери аркылуу дүйнөлүк өнүгүү мейкиндигинде татыктуу орун алуу дегенди билдирет. Манас эпосу, залкар жазуучу Ч.Айтматов баш болгон акын-жазуучуларыбыздын чыгармалары, улуттук каада-салттар жана илимий-маданий мурастарыбыз — мунун баары биздин улуттук демибиздин негизин түзөт. Бул баалуулуктарды сактоо, өнүктүрүү жана аларды дүйнөлүк деңгээлде таанытуу — бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттеринин бири. Бул процессте жогорку окуу жайлардын ролу өзгөчө. Университеттер — бул билим берүү мекемеси гана эмес, илимий изилдөөлөрдүн, жаңы идеялардын жана интеллектуалдык өнүгүүнүн борбору болуп саналат. Жаш муунга сапаттуу билим берүү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо аркылуу биз өлкөбүздүн келечегине бекем негиз түзө алабыз.
«Бул конференция ийгиликтүү өтүп, анын жүрүшүндө илимий талкуулар, пикир алмашуулар болуп, Улуттук өнүгүү стратегиясы боюнча жаңы ойлор, пикирлер айтылып, баалуу жыйынтыктар менен корутундуланат деген терең ишенимдемин», — деп сөзүн жыйынтыктады Улуттук университеттин ректору.
Илимий конференциянын темасы боюнча төмөндөгү баяндамалар жасалды:
- Эсенбек Мамбетакунов — п.и.д., профессор, УИАнын корр. мүчөсү жана ардактуу академиги: «Улуттук таалим-тарбиянын уңгу жолуна карай»;
- Жеңиш Чыманов — п.и.д., профессор: «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун талаптары кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарында»;
- Мырзаким Айдарбеков — Экономиканын жогорку мектебинин ага окутуучусу: «Кыргыз экономикасынын стратегиялык тармагы: женил өнөр жай товарларын өндүрүп, экспорттоо маселеси»;
- Абдикайым Жусубалиев — соц.и.к., доцент: «Кыргыз коомунда калктын жарандык жана мекенчилдик маселелерине мамилеси»;
- Гүлмира Абдразакова — -ф.и.д., профессор: » Калпак — тилдик маданият таануу багытындагы негизги түшүнүк»;
- Сайкал Жунушова — соц.и.д., профессор: «Ааламдашуу доорунда социалдык байланыштардын өзгөчөлүктөрү»;
- Илимбек Кубатов — ю.и.к., доцент: «Кыргыз Республикасынын жарандарынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолундагы улуттук баалуулуктары: тарых, маданият, мамлекеттүүлүк жана кыргыз тили жөнүндө».
Жыйындын соңунда «Улуттук дем — жаштардын келечегинин таянычы жана дүйнөлүк бийиктикке умтулуусунун башбагыты» аттуу илимий-тажырыйбалык конференциясынын резолюциясы кабыл алынды.
Иш-чарага Улуттук университеттин бардык факультеттеринин декандары, институттарынын директорлору, башка түзүм жетекчилери жана студенттер катышты.