2026-жылдын 12-мартында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун «Жасалма интеллект» билим берүү программасында билим алып жаткан студенттер билимдерин кеңейтүү жана заманбап технологиялар менен жакындан таанышуу максатында «Билим Бишкек» инновациялык борборуна таанышуу сапарын жасашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган Борбордун мүдүрү Санжар Алтымышев студенттерге дүйнөдөгү эң ири авиация, космос жана технологиялык иш-чаралардын бири болгон TeknoFest Aerospace and Technology Festival тууралуу кеңири маалымат берди. Фестивалдын максаты — жаштарды илим-техника тармагына кызыктыруу, инновациялык долбоорлорду колдоо жана жаш ойлоп табуучулардын демилгелерин өнүктүрүүгө шарт түзүү экендиги белгиленди. Ал о.э. фестивалга катышуу жана долбоорлорду каттоо тартиби боюнча кеңири түшүндүрмө берип, студенттерге пайдалуу сунуштарын айтты.

Мындан тышкары, студенттер инновациялык борбордун ишмердүүлүгү, жаңы технологиялык долбоорлор жана стартаптарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты. Борбордун адистери тарабынан жасалма интеллект, санариптик технологиялар жана маалыматтык технологиялар тармагындагы акыркы жетишкендиктер боюнча презентация өткөрүлүп, катышуучулардын суроолоруна жооп берилди.

Иш чаранын негизги максаты — студенттерди заманбап технологиялык чөйрө менен тааныштыруу, алардын чыгармачылык жана изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле келечектеги IT адистеринин практикалык көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. Мындай жолугушуулар студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга, жаңы идеяларды жаратууга жана инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын алкагында студенттер дизайн, технология, математика жана табигый илимдер боюнча уюштурулган студиялык сабактарга да катышып, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Сапардын жыйынтыгында студенттер жаңы билимдерди жана тажрыйбаларды алып, келечекте жасалма интеллект жана инновациялык технологиялар тармагында жаңы долбоорлорду ишке ашырууга шыктанып кайтышты.

(С) Өмүралиева Бакыт — КТЖИИнин ага окутуучусу

Добавить комментарий