Кыргыз Республикасынын Илим, билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын 10-мартындагы №137 буйругун аткаруу максатында КУУнун административдик-чарба иштери боюнча проректору Бакытбек Айтахунов чыгарган буйрутманын негизинде 2026-жылдын 14-март күнү Улуттук университеттин студенттери менен кызматкерлери ишембиликке чыгышты.

Алар өздөрүнө бекитилген участоктордогу жер тилкелеринде, арыктарда жана тротуарларда санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп, кыш бою чогулган акыр-чикирди, чириген жалбырактарды мурдатан аныкталган таштанды ыргытуучу жайларга чыгарышты.

Окуу имараттары менен жатаканалардын коменданттары ишембиликке чыккан студенттер менен кызматкерлерди керектүү чарба жабдуулары менен камсыз кылышты.

Чарба бөлүмүнүн башкы инженери Адилбек Маматовдун айтымында, бүгүнкү ишембиликке жалпысынан 446 адам чыгып, Софья Апаева жетектеген Кыргыз-кытай институтунун жамааты санитардык тазалоо иштерине активдүү катышты.

Добавить комментарий