2026-жылдын 20-февралында Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан Түркмөнстанда 2026-жылдын «Көз карандысыз, туруктуу бейтарап Түркмөнстан – максатка бет алган канаттуу тулпарлардын мекени» жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу таанытуу лекциясы уюштурулду.

Лекциянын максаты – университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери үчүн Түркмөнстандын тарыхый-маданий мурастары, заманбап өнүгүүсү, жетишкендиктери, мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыттары жана аймактагы тынчтык менен туруктуулукту бекемдөөдөгү ролу тууралуу кеңири маалымат берүү, ошондой эле эки элдин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо жана Түркмөнстанда 2026-жылдын «Көз карандысыз, туруктуу бейтарап Түркмөнстан – максатка бет алган канаттуу тулпарлардын мекени» жылынын девизи менен тааныштыруу.

Иш-чара КУУнун 5-корпусунун 305-кабинетинде салттуу форматта өтүп, ага Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн профессордук-окутуучулары, ошондой эле лингвистика жана котормо таануу багыттарынын студенттери катышты.

Иш-чаранын башында модератор – Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева катышуучуларды куттуктоо сөзү менен тосуп алып, бүгүнкү лекциянын маанисине токтолду. Ал өз сөзүндө Түркмөнстан бай тарыхы, уникалдуу маданий мурасы жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылган туруктуу бейтараптык принциптерине бекем берилгендиги менен айырмаланган мамлекет экенин белгилеп, бул макам өлкөнүн тышкы саясатынын негизги тиреги болуп саналарын, тынчтыкты сүйгөн багытын жана эл аралык аренадагы конструктивдүү кызматташтыгын айгинелей турганын баса белгиледи. Ошондой эле Түркмөнстандын улуттук өзгөчөлүгүндө ахалтеке тулпары өзгөчө орунду ээлеп, асылдыкты, руханий күчтү, сулуулукту жана алдыга умтулуучулукту символдой турганы, «канаттуу тулпарлар» образы өлкөнүн динамикалуу өнүгүүсүн, прогресске жана гүлдөп-өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырган терең мааниге ээ экени белгиленди.

Программа Түркмөнстандын тарыхый-маданий мурастарына арналган китеп көргөзмө менен башталып, андан соң улуу түркмөн ойчулу жана акыны Махтумкули Фрагинин ырлары төмөнкү студенттер тарабынан көркөм окулду: Аламанов Аллаяр — Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун 1-курсунун студенти; Талапкеров Бекбол — Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн лингвистика багытынын студенти.

Иш-чаранын расмий ачылыш бөлүгүндө лекциянын негизги баяндамачысы – Кыргыз Республикасындагы Түркмөнстан Республикасынын Элчилигинин Экинчи катчысы Бердиева Бахар болуп, ал белгиленген тема боюнча өзүнүн кесиптик көз карашын бөлүшүп, Түркмөнстандын көз карандысыздык жолу, бейтараптык саясаты, маданий баалуулуктары, эл аралык аренадагы орду жана 2026-жылдын аталган жыл катары жарыяланышынын маани-маңызы тууралуу кеңири баяндама жасады.

Мындан тышкары, улуу түркмөн ойчулу жана акыны Махтумкули Фраги тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, анын чыгармачылык мурасынын түрк дүйнөсүндөгү орду өзгөчө белгиленди. Иш-чара суроо-жооп бөлүгү менен уланып, катышуучулар активдүү пикир алмашууга жана талкууга катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Лекциянын соңунда Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент Элебесова Бурул Бекказиевна конокторго жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип, мындай илимий-маданий иш-чаралар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүдө, эл аралык академиялык кызматташууну бекемдөөдө жана боордош элдердин ортосундагы руханий байланыштарды чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Иш-чара жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүп, катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу жана жылуу пикирлер менен кабыл алынды.

(С) Бурул Элебесова — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий