2026-жылдын 27-январь күнү Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын мурдагы мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов конок катары чакырылып, студенттер менен мазмундуу жолугушуу өткөрдү.
Студенттердин демилгеси менен уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө Сүйүнбек агай студенттерге кыргыздын нарк-насили, руханий баалуулуктары, “Улуттук дем — дүйнөлүк бийликтик” уңгужолунун маңызы тууралуу терең ой-пикирлерин айтып, мамлекеттик башкаруудагы адеп-ахлак, жоопкерчилик жана улуттук аң-сезимдин ролуна өзгөчө токтолду. Ал о.э. студенттердин кызыктуу жана актуалдуу суроолоруна жооп берип, келечек мамлекеттик кызматкерлерге баалуу акыл-насааттарын айтты.
Жолугушуунун соңунда факультет декан Алмазбек Кадыр уулу Сүйүнбек агайга терең ыраазычылык билдирип, мындай мазмундуу жолугушуулар студенттер үчүн чоң мектеп экенин белгиледи. Факультет жетекчиси о.э. агайды келечекте дагы факультеттин коногу болууга чакырып, эшик ар дайым ачык экенин билдирди.
Бул жолугушуу студенттердин жарандык позициясын бекемдеп, улуттук баалуулуктарга таянган мамлекеттик ой жүгүртүүнү калыптандырууга зор салым кошту.
(С) Джапарова Г.Э. — МжМБ факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары