Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, професоор Догдурбек Чонтоевдин 2025-жылдын 26-декабрындагы буйругу менен «Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды.
Буйрукта Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимине, билим берүүсүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн берилгендиги жазылган.
