20026-жылдын 22-январында Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын окутуучусу Аркабаева А.С. 4-курстун ПиП(б)-1-22 тайпасынын студенттерине «Адамдардын сууну пайдалануудагы укуктары жана экологиялык этика» темасында кызыктуу тренинг өткөрдү. Тренинг теориялык маалыматтар менен гана чектелбестен, катышуучулардын ички сезимдерине жана жоопкерчилигине да багытталды.

Тренингде туруктуу өнүгүү, анын максаттары жөнүндө жалпы түшүнүк берилди,  о.э. сууну пайдалануудагы адам укуктары жана экологиялык этика боюнча жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга үндөдү. Өзгөчө «Бир тамчы суунун баасы» көнүгүүсү студенттердин экологиялык мамилесин өзгөртүүгө чоң түрткү берди. Практикалык этикалык кейстер аркылуу студенттер реалдуу турмуштагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издешти.

Бул тренинг — келечектеги мугалимдердин экологиялык маданиятын калыптандыруудагы маанилүү кадам болду. Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу — ар бирибиздин колубузда!

(С) Нурбекова С.Н. — жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий