2025-жылдын 29-декабрында И.Исамидинов атындагы педагогикалык институтта Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруунун алкагында жана «12 жылдык билим берүү шартында болочок башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоонун илимий-методикалык негиздери» аталышындагы долбоордун негизинде билим берүү департаменттеринин өкүлдөрү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору жана бала бакчанын тарбиячылары менен жолугушуу болуп өттү.

Иш-чара майрамдык маанайда ачылып, институттун таланттуу бийчи студенттери өз өнөрлөрүн тартуулашты. Андан соң И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун директору Рахат Сулайманова иш-чараны ачып, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында мектепке чейинки билим берүүнүн мааниси зор экенин белгилеп, аталган долбоордун актуалдуулугуна токтолду.

Иш-чаранын негизги максаты – 12 жылдык билим берүү моделине өтүү шартында мектепке чейинки билим берүү адистерин даярдоонун илимий-методикалык негиздерин талкуулоо, дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү  жана тажрыйба алмашуу болду.

Жолугушууда ТӨМдүн 4-максаты – сапаттуу билим берүү багытындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар балдарды 12 жылдык билим берүүгө даярдоо, заманбап педагогикалык ыкмаларды колдонуу жана педагогдордун кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Иш-чаранын алкагында мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана «Мугалим» журналы менен үзгүлтүксүз кызматташып келгендиги үчүн бир катар адистер жана жетекчилер сыйланышты.

Жылдын мыкты кызматкерлери

(төш белги медалы менен сыйланды)

  • Мискинбек кызы Жайнагул – Ленин районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетектөөчү адиси;
  • Аманбаева Нургуль Толобековна – Октябрь районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетектөөчү адиси;
  • Камчыбекова Эльнура Камчыбековна – Биринчи май районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетектөөчү адиси;
  • Батыкова Гулзат Саткынбековна – Свердлов районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетектөөчү адиси.

Мыкты мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлору

(Ардак грамота менен сыйланды)

  • Токторбаева Гульжамал Чапыевна – Биринчи май районунун №77 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору;
  • Измайлова Нина Владимировна – Биринчи май районунун №61 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору;
  • Турусбекова Жаныл Өмүрбековна – Октябрь районунун №148 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору;
  • Бозгунчиева Салима Эсенгуловна – Октябрь районунун №107 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору;
  • Сардарова Асель Төлөмурзаевна – Ленин районунун №53 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору;
  • Омуралиева Гулькаир Сурабаевна – Ленин районунун №131 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору;
  • Ибраева Гульнара Таштанбековна – Свердлов районунун №145 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору;
  • Телтаева Кызылгүл Барктабасовна – Октябрь районунун №162 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору.

Андан соң «Мугалим» журналынын шеф-редактору Гулнара Алыбаева сыйлык ээлерин куттуктап, педагогдордун жоопкерчиликтүү эмгеги коомдун өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, аларга мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар эстелик сүрөткө түшүп, жолугушуу жылуу маанайда жыйынтыкталды.

(С) Айсулуу Эгамбердиева — директордун илимий иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий