2025-жылдын 29-декабрында Тарых жана чөлкөм таануу институтунун мурдагы директору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Сырдыбаев Туратбек Токтобековичтин үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын Ыраазычылык каты тапшырылды.
Ыраазычылык кат Туратбек Токтобековичтин Мамлекеттик тил жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн “Акыл таймаш” республикалык радиосынагын уюштурууга кошкон зор салымы үчүн жана аталган сынакта калыстар тобунун төрагасы катары жогорку деңгээлде иш алып баргандыгы үчүн берилди.
Туратбек Токтобекович өмүрүнүн акырына чейин билим берүү, илим жана тарбия тармагына үзүрлүү эмгек сиңирип, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, жаш муунду тарыхка жана улуттук баалуулуктарга тарбиялоого чоң салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу, педагог жана коомдук ишмер катары эсибизде калат.
(С) Гүлзат Чодолдоева — окуу иштери боюнча декандын орун басары
