2025-жылдын 29-декабрында Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин проекттик окутуудан ийгиликтүү өткөн 3-курс студенттери жыйынтыктоочу отчётторун тапшырышты.

Проекттик окутуу мамлекеттик органдарда жана агенттиктерде уюштурулуп, студенттер теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен бекемдей алышты.

Студенттер тарабынан даярдалган отчёттор проекттик окутуунун жетекчилери тарабынан текшерилип, аткарылган иштердин сапаты, мазмуну жана практикалык мааниси боюнча баа берилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында ар бир топтун отчёту жогору деңгээлде даярдалганы белгиленди.

Бул иш-аракет студенттердин жоопкерчилигин, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана мамлекеттик түзүмдөрдө иш алып баруу жөндөмүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту.

Студенттерибизге мындан аркы окууларында жана кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалайбыз!

(С) Г.А.Нурматова — МжМБ факультетинин программа жетекчиси

Добавить комментарий