Эл аралык колледждин студенттери 12-декабрь – Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Улуттук адабият күнүнө карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде студенттер арасында өткөрүлгөн видеороликтер сынагына «Мезгил жана Алыкул» аттуу видеосу менен катышып, 2-орунга ээ болушту.
- Монтажер/оператор: Кубанычбекова Толгонай
- Ролдорду аткаргандар:
- Алыкул Осмонов – Нарзибаев Алишер, Айдай – Ишенбекова Жаннат, Зейнеп – Шаршебекова Тинатин.
Эл аралык колледждин окутуучулары студенттердин чыгармачыл эмгегин жогору баалап, алардын ийгилиги окуу жай үчүн сыймык экенин белгилейт.
(С) Джапарова Н.М. — окутуучу