2025-жылдын 8–12-декабрында Чет тилдер институтунун роман-герман тилдер кафедрасы тарабынан салтка айланган “Немис тилинин жумалыгы” өткөрүлдү. Жумалык алкагында студенттер үчүн мазмундуу ачык сабактар, практикалык тренингдер, мастер-класстар, көргөзмөлөр жана маданий иш-чаралар уюштурулуп, немис тилине жана Германия маданиятына болгон кызыгууну арттырууга өбөлгө түздү.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттерди немис тилин активдүү үйрөнүүгө шыктандыруу, алардын тилдик-коммуникативдик компетенциясын кеңейтүү жана Германия өлкөсүнүн маданияты, күнүмдүк жашоосу, адат-салттары тууралуу терең маалымат берүү болду.
Жумалыктын салтанаттуу ачылышына Чет тилдер институтунун директору Уметов Кенжебай Каратаевич катышып, студенттерге куттуктоо сөзүн жолдоду. Ал өз сөзүндө немис тилинин дүйнөлүк илим–билимдеги ордун белгилеп, көп тил билүүнүн заманбап дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттыраарын баса көрсөттү. Ошондой эле доцент Уметов немис тилинде саламдашып, И.В. фон Гётенин чыгармасынан бир үзүндүнү көркөм окуп берип, иш-чаранын маанайын көтөрдү.
Роман-герман тилдер кафедрасынын башчысы, профессор Акчекеева М.С. Германиянын бай маданий мурастары, адабияттагы багыттары жана немец тилинин илимий-философиялык дүйнөдө ээлеген орду тууралуу кеңири маалымат берди. Анын мазмундуу баяны студенттердин кызыгуусун арттырып, жумалыктын максатын терең ачты.
Жумалык алкагында студенттер үчүн ар түрдүү форматтагы иш-чаралар уюштурулду:
- ачык сабактар жана экспресс-курстар,
- лингвистикалык жана маданий лекциялар,
- практикалык воркшоп жана мастер-класстар,
- өлкө таануу көргөзмөлөрү, презентациялар жана интерактивдүү талкуулар,
- чыгармачыл концерт жана тематикалык оюндар,
- фото-бурчтар.
Бул иш-чаралар студенттердин немис тилин практикалык деңгээлде колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, Германия өлкөсүнө болгон кызыгуусун күчөттү.
“Немис тилинин жумалыгы” студенттерге жаңы билим, мотивация жана чыгармачылык дем берди. Иш-чаралардын ийгиликтүү өткөрүлүшү Роман-Герман тилдер кафедрасынын жигердүү эмгегинин, окутуучулардын кесипкөйлүгүнүн жана студенттердин активдүүлүгүнүн жемиши болду.
(С) Байболотова Ж.Т. – тарбия иштери боюнча директордун орун басары