2025-жылдын 12-декабрында университеттеги «инде өткөн жалпы «Айтматов жумалыгынын» алкагында Кыргыз–европа факультети тарабынан «Айтматов – түбөлүктүн үнү» аттуу адабий-музыкалык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун руханий мурасын даңазалоону, анын терең философиялык идеяларын студенттердин дүйнө таанымы менен айкалыштырууну жана жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатын көздөдү.

Адабий кечеге КЕФтин «Бизнести башкаруу» программасынын 1-курсунун студенттери активдүү катышып, чыгармалар, көркөм окуу жана автордук презентациялар аркылуу Айтматовдун айткандарынын бүгүнкү күнгө болгон байланышын өз көз карашы менен чагылдырды.

Иш-чарага окутуучулар, жогорку курстун студенттери келди. Аягында КЕФтин деканы Медина Нукеева сөз сүйлөдү.

Иш-чара Кыргыз–Европа факультетинин ага окутуучусу Чынара Эсентурова тарабынан уюштурулду. Ал студенттердин чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, Айтматовдун идеяларын терең түшүндүрүүгө жана аларды руханий баалуулуктарга үндөөгө чоң салым кошту.

(С) Эсентурова Ч.Ж. — факультеттеин ага окутуучусу

Добавить комментарий