2025-жылдын 9-декабрында Кыргыз филологиясы факультетинде адабият күнүнө жана Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата «Замандын үнү – залкардын тили менен» аттуу адабий-көркөм кече өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – кыргыз адабиятынын улуу мурастарын даңазалоо, залкар акын-жазуучулардын чыгармачылыгын жаңы муунга таанытуу жана адабият сүйүүчүлөрдүн чыгармачылык дүйнөсүн байытуу болду.
Кечеге атайын конок катары төкмө акындар Актилек Кулпеишов жана Бекмырза Төлөгөнов чакырылып, өздөрүнүн чебер аткаруусу менен көрүүчүлөргө руханий азык тартуулашты. Төкмө акындардын кайталангыс айтышы, курч саптары жана мезгил үнүн чагылдырган чыгармалары залды толук өзүнө тартып, көрөрмандардын чоң кызыгуусун жаратты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан А. Осмоновдун жана Ч.Айтматовдун көркөм чыгармаларынан көркөм окуулар, музыкалык чыгармалар жана адабий композициялар көрсөтүлүп, залкарлардын сөз казынасынан алынган терең философиялык ойлорду, адамдык нарк дөөлөттү жана замандын элесин чагылдырган чыгармалар чебердик менен аткарылды.
Адабий – көркөм кече студенттерди чыгармачылыкка шыктандырып, адабият дүйнөсүнө болгон кызыгуусун арттырды.
(С) Тилабердиева С.Б. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары
