Журналистика жана коммуникация институтунда 8-декабрь – Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Салтанаттуу жыйында кыргыз телекөрсөтүүсүнүн биринчи режиссеру Жанузак Молдобаев атындагы кинофестивалдын жыйынтыгы чыгарылып, сыйлыктар тапшырылып, профессор М.Мамбетакуновдун өнөрканасында тартылган “Сүйүү жарыгы” аттуу кыскаметраждуу тасманын бет ачары өткөрүлдү.  

Иш-чараны мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, радиотелевидение тармагынын коомдогу ролуна токтолду жана журналисттер менен студенттерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал жаш адистерди жоопкерчиликке, тактыкка жана профессионалдуулукка чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө активдүү жана жигердүү студенттерге УТРК тарабынан даярдалган ыраазылык каттарды тапшырып жатып, продюсер Алмаз Касымалиев телерадиодо эмгектенген адистердин коом алдындагы жоопкерчилиги жогору экенин белгилеп, студенттерге чыгармачылык туруктуулук жана кесипке берилгендик каалады.

Профессор М.Мамбетакунов өз сөзүндө өнөркананын ишмердүүлүгү, студенттердин чыгармачылык иштери тууралуу айтып, учурда студенттер Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) эфирине жума сайын “Кайнар булак” телеберүүсүн даярдап келишерин белгиледи.

Филология илимдеринин кандидаты Айна Дуйшекеева журналисттин тил маданияты, так сөз колдонуу жана этикалык нормаларды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Жанузак Молдобаев атындагы кинофестиваль быйыл ХI ирет уюштурулуп, ага Кыргыз-түрк “Манас” университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери катышты.

Иш-чаранын соңунда Жанузак Молдобаев атындагы кинофестивалды өткөрүү эстафетасы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине расмий түрдө өткөрүлдү.

(С) Перизат Джаныбекова – адис

Добавить комментарий