2025-жылдын 9-декабрында Эл аралык колледж тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата «Айтматов ааламы» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага Улуттук университеттин башка колледждеринин студенттери да катышты.

Тегерек столдун ардактуу коногу, «Алтын комуз» сыйлыгынын ээси, таланттуу төкмө акын Акматбек Султан уулунун сөзүнөн кийин колледждерден келген баяндамачылар кызыктуу талкуу жүргүзүштү. Иш-чаранын маданий бөлүгүндө студенттер «Айтматовдун каармандарын» сүйлөтүп, немец, англис тилиндеги музыкалык номерлер аткарылып, викториналык суроолор менен коштолду.

Тегерек стол Эл аралык колледждин кыргыз тили жана адабияты окутуучулары А.К.Айнабаева, З.Ш.Узекеева, Ж.Ш.Узекеева тарабынан уюштурулуп, студенттердин адабиятка болгон кызыгуусун жана сүйүүсүн арттыра алды.

(С) Джапарова Н.М. – колледждин окутуучусу

Добавить комментарий