2025-жылдын 1-декабрында Казакстан Республикасынын М.Х.Дулати атындагы Тараз университетинин педагогикалык психология кафедрасынын профессору, п.и.д. Клара Бузаубакова академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институтка эки жумалык иш-сапар менен келип, бир катар илимий-методикалык иш-чараларды өткөрүүдө.
Академиялык мобилдүүлүктүн негизги максаты – Кыргызстандын жана Казакстандын академиялык билим берүү аймагына кирүү этабында болочок мугалимдердин санариптик-креативдүү компетенцияларын калыптандыруунун натыйжалуу жолдорун аныктоодо чет өлкөлүк инновациялык тажрыйбаны изилдөө, алмашуу.
Педагогика илимдеринин доктору, профессор Клара Бузаубакова 550700- “Педагогика” багытындагы башталгыч билим берүү профилинин студенттери, магистранттары менен “Башталгыч класстардын окуучуларынын окуудагы жетишкендиктерин баалоо жана мониторингдөө”, “Педагогикалык изилдөөлөр”, “Санариптик педагогика” дисциплиналары боюнча, “Мен-мугалиммин!” Казакстан жана Кыргызстан Республикаларынын ортосундагы илимий кызматташтык” темасында мастер-класстарды өтүүдө.
Иш сапарынын алкагында профессор Клара Бузаубакова Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, география илимдеринин доктору, профессор Доктурбек Чонтоев менен жолугушту. Жолугушуу өз ара кызматташтыкты чыңдоого, академиялык мобилдүүлүк багытында биргелешкен демилгелерди колдоого жана жогорку билим берүү сапатын жогорулатуу маселелерине арналды.
Казакстандык профессор ректор Доктурбек Чонтоевге өзүнүн «Theory and practice of formation of digital competencies of future teachers in the conditions of distance learning in the Republic of Kazakhstan» аттуу монографиясын жана «Digital Pedagogy» аттуу окуу китебин университеттин китепканасына белек катары тапшырды.
Андан соң профессор Клара Бузаубакова академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова менен да жолугуп, мындан аркы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
(С) Айсулуу Эгамбердиева – директордун илимий иштер боюнча орун басары


