2025-жылдын 4-декабрында №5 окуу имаратындагы жыйындар залында Химия жана химиялык технология факультетинин 1-курстарын кабыл алуу аземи болуп өттү. Иш-чарада факультеттин жаштар комитети активдүүлүгүн көрсөтүшүп, чакан концерттик программа тартуулашты.

Майрамдык кечеге факультеттин профессордук–окутуучулар курамы катышты. Окуу иштери боюнча декандын орун басары Ибрагимова Айзада куттуктоо сөзүн айтып, активдүү студенттерге ардак грамоталарды, 1-курстун студенттерине сынак китепчесин жана билим ачкычын тапшырды.

Кабыл алуу аземи жогорку деӊгээлде ѳттү.

(С) Осмонова С. С. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, доцент   

Добавить комментарий