Казань федералдык университетинде 20-22-ноябрь күндөрү Түрк дүйнөсүнүн социологдорунун IV Эл аралык конгресси болуп өттү. Анын борбордук иш-чараларынын бири Азиялык университеттер Ассоциациясы менен Казань федералдык университети биргеликте өткөргөн “Келечектеги илим жана билим берүү: эл аралык кызматташтыктын жаңы калыптары” аталыштагы тегерек столдогу талкуулар болуп калды. Анын жүрүшүндө КФУ социологдору август айында болуп өткөн Казандагы Жаштардын глобалдык саммитине даярдык алкагында жүргүзгөн социологиялык изилдөөсүнүн натыйжаларынын презентациясы болуп, жаштар арасында аныкталган 9 тенденция жөнүндө баяндалды. Изилдөөгө Россиядан тышкары Африка, Азия, Чыгыш Европа, Латын Америкасы өлкөлөрүнөн 14-35 жаштардагы 2171 респондент катышкан. 

Кызыктуу, жандуу өткөн талкууга Е.Л.Шифферс атындагы “Адамдык ресурстарды башкаруу” Озунуп изилдөө институтунун директору, Достук, тынчтык жана өнүгүү Россия-Кытай Комитетинин Илим жана инновациялар боюнча кеңешинин орусиялык бөлүмүнүн төрагасы Юрий Громыко, КФУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Тимирхан Алишев, Алтай мамлекеттик университетинин эл аралык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча проректору Роман Райкин (видеоконференция режиминде), Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Абдикайым Жусубалиев, Сербия республикасынын Жогорку билим берүү агенттигинин аккредитация жана эл аралык кызматташтык боюнча директорунун орун басары Душка Радманович (видеоконференция режиминде), КФУнун кызматташтыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн бащчысы Константин Федотов ж.б. катышышты.

Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору А. Жусубалиев өзүнүн сөзүндө жогорку билим берүүгө мүнөздүү жалпы көйгөйлөр менен бирге КР кээ бир өзгөчөлүктөрүн белгилеп, аларды чечүү жолдорунун бири катары жаңы Z муундун өсүп жаткан муктаждыктарын канааттандырууда университеттердин өз ара кызматташуусуна токтолду.

Тегерек стол КФУнун ректору Л.Р.Сафинге илим жан жогорку билим берүүнү өнүктүрүүгө, эл аралык достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалын жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору проф. Д.Т.Чонтоевдин белектерин тапшыруу менен аяктады. КУУнун белектерин доц. А.Жусубалиев тапшырды. Конгресстин биринчи күнү ушундай эле медалга КФУнун президенти Рияз Гатауллович Минзарипов да татыктуу болгон.

(С) Жолдошева А.Ш. – Социология жана социалдык иштер кафедрасынын доценти

Добавить комментарий