Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин факультеттер жана институттар арасында уюштурулган 74-спартакиаданын жыйынтыгына ылайык Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун волейбол боюнча кыздар курама командасы жогорку кесипкөйлүгүн жана биримдиктүү оюн көрсөтүп, биринчи орунду багындырды.
Институттун жалпы жамааты аталган ийгиликти жогору баалап, төмөнкү студенттерди жеңиши менен куттуктайт:
- Орозбаева Сезим
- Асанбекова Мыскал
- Казиева Элиза
- Бейшенова Адина
- Эркинбекова Элида
- Алия Канатова
- Турдалиева Лейла
- Жаныбаева Даткайым
- Бейшенова Айжанат
- Касымова Айпери
- Алыбекова Аймээрим
- Манасова Арууке.
Команданын бул жетишкендиги – алардын тынымсыз эмгегинин, тартиптүүлүгүнүн, спорттук маданиятынын жана жеңишке болгон бекем эрктүүлүгүнүн натыйжасы деп эсептейбиз.
Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун дирекциясы аталган команданын мүчөлөрүнө, машыктыруучуларына жана колдоого алган бардык тараптарга терең ыраазычылык билдирет. Студенттердин мындай жогорку көрсөткүчтөрү институтубуздун спорттук жетишкендиктерин жаңы деңгээлге көтөрүп, институттун аброюн дагы бекемдөөгө зор салым кошо беришине тилектешбиз.
Сиздердин буга чейинки жана мындан аркы ийгиликтериңиздер институтубуздун сыймыгы болуп кала берет. Жеңишиңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз, жаңы ийгиликтерге багындырууну каалайбыз!
(С) Амантур Рыспаев – Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору
