2025-жылдын 12-ноябрында Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директорунун орун басары Айсулу Парманасова менен квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башкы адиси Адилет Самсалиев “Роэль Метрополитен Университет” билим берүү мекемесинин профессордук-окутуучулар курамына квалификацияны жогорулатуу жөнүндө күбөлүктөрдү тапшырып келишти.
Аталган мекеменин окуу жана методикалык бөлүмүнүн башчысы Нурипа Куртубаева окуу жайдын 39 окутуучусу 13-25 – октябрь күндөрү Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогрлатуу институтунан “Билим берүүнүн трансформациялоо шарттарында педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүү” темасы боюнча 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсунан окушканын билдирди.
(С) Адилет Самсалиев – квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башкы адиси