2025-жылдын 6-8-ноябрында География, экология жана туризм факультетинин доценттери: Т.А.Супатаев, Т.А.Торобекова жана Р.Б.Осмонбекова Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин география жана жаратылышты пайдалануу, биология жана биотехнология факультеттери уюштурган «Борбордук Азияда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун көйгөйлөрү жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти. Иш-чарага о.э. Биология факультетинен Б.К.Кадырова менен Б.К.Шаршеева онлайн форматта катышты.

Илимий-практикалык конференцияга Германия, Азербайжан, Өзбекстан (Каракалпакстан Республикасы), Тажикстан, Кытай, Кыргызстан, Йемен, Канада, Монголия, Россия мамлекеттеринен окумуштуулар келди.

Конференциянын негизги максаты — Борбордук Азиядагы биологиялык ар түрдүүлүктүн акыркы жетишкендиктери, Сиверс алмасын (Malus sieversii (Ledeb.) M.Roem.) сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, экотуризм жана билим берүү жаатындагы экологиялык билим алмашуу болду.

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде жаңы изилдөө борбору — Борбордук Азия-Германия экосистемаларды сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү изилдөө институту ачылды. Институттун негизги максаты — Борбордук Азия өлкөлөрүндө экосистеманын туруктуулугун камсыз кылуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча демилгелерди илимий негизде иштеп чыгуу.

(С) Торобекова Тамара — «Туризм, рекреациялык  география жана экология» кафедрасынын доценти

Добавить комментарий