2025-жылдын 12-ноябрында Кыргыз филологиясы факультетинде “Улуттук дем–дүйнөлүк бийиктик” уңгужолдун алкагында уюштурулган “Кыздын кийим маданияты – улуттук нарктын күзгүсү” аттуу иш-чара болуп өттү.
Факультет деканы Бактыбек Жайлообаев иш-чараны ачып, омоктуу ойлору менен бөлүшүп өттү. Кадырлуу коноктор проф. К.Иманалиев атындагы ФББТжП кафедрасынын доценти, п.и.к. Сарылбекова З. “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун 7 багыты, о.э. энелер мектебинин насаатчысы Искакова Ж. Т. “Улуттук нарк, баалуулуктарды ыйык тутуу”, “Кыз адеби – кымбат” деген темаларда өз улутубузду өзгө улуттан өзгөчөлөп, обочолоп турган, бүтүндүгүбүздү туюндурган улуу наркыбыз туурасында аба-суудай керектүү маалымат, асыл ойлору менен бөлүшүштү.
Студенттер уюштурулган программадан чоң таасир алып, жаңы мотивацияга ээ болушту. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер активдүү катышып, өз ойлорун жана сезимдерин бөлүшүштү. Натыйжада, бул иш-чара алардын руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө өбөлгө түздү.
(С) Тилабердиева С.Б. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары
