Математика жана информатика институтунун директораты студенттик кеңештин мүчөсү, 4-курстун студенти Бегимай Нийматованы окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде өзгөчө айырмалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына татыктуу болушу менен чын жүрөктөн куттуктайт.
Аталган сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-октябрь күнү 92 мыкты студентке тапшырды.
(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент
