2025-жылдын 31-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Бозжол” философиялык изилдөө борборунун философиялык жана маданий иш-чаралар айлампасынын алкагында “Ч.Айтматов жана философия: экзистенциалдык гуманизм жана философиялык ой-жүгүртүүнүн жолдору” аттуу онлайн жана офлайн форматтагы тегерек стол ийгиликтүү болуп өттү.

Мында Орусиянын Финансы университетин профессору, ф.и. д., изилдөөчү Махаматов Таир, “Бозжол” борборунун илимий кызматкери, ф.и.к. Кадыров Арген доклад жасап, борбордун директору Саветбек Абдрасулов да сөз сүйлөп, философиялык кызуу талкуу болду.

Тегерек столго чет элдик жана жергиликтүү изилдөчүүлөр катышышып, алардын ичинде С.Нижников, Юй Цзи, Ж.Урманбетова, Г.Сейталиева, Ж.Амребаева, Э.Билалова, М.Эркинбек кызы, Б.Маратов, М.Айдакеева, Г.Курбанакун кызы жана Н.Мамытовдор кызыктырган суроолорун узатышып, философиялык актуалдуу маселелелердин алкагында талкуу жүргүзүштү.

(С) Курбанакун кызы Гулина – “Бозжол” ФИБдин илимий кызматкери

Добавить комментарий