Кыргыз-Кытай изилдөө институтунун (ККИИ) кызматкерлери Ерешеев У.А. жана Имашова А.А. 2025-жылдын 28–30-октябрында Бишкек шаарында өткөн Борбордук Азия, Иран жана Пакистан үчүн Билим берүүдөгү ИКТ жана жасалма интеллект (ЖИ) боюнча симпозиумга (SIECAIP) активдүү катышышты.

Бул маанилүү аянтча ЮНЕСКОнун колдоосу менен уюштурулуп, аймактагы билим берүү системаларын трансформациялоодо ЖИнин ролун талдоого багытталды.

ККИИнин өкүлдөрү билим берүүдө ЖИни колдонуудагы актуалдуу маселелерди талкуулап, институттун ишмердүүлүгүнө байланыштуу баалуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Атап айтканда, Имашова А., окутуучу, ЮНЕСКО ICHEI долбоорунунун со-координатору КУУда смарт-классты түзүү боюнча ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө баяндама жасады, бул институттун санариптик трансформациялоо жаатындагы практикалык аракеттерин көрсөттү.

Симпозиумда талкууланган негизги багыттар:

  • Жасалма интеллектке даяр болуу жана инклюзивдүү улуттук стратегияларды ишке ашыруу;
  • ЖИ доорунда окутуучулардын компетенциясын жана этикалык стандарттарын өнүктүрүү;
  • ЖИ аркылуу көндүмдөрдү өркүндөтүү жана келечектеги эмгек рыногуна даярдык;
  • Киберкоопсуздук жана маалыматтардын этикасы.

Симпозиумдун жыйынтыгында, ККИИ кызматкерлери тарабынан аймактык жана улуттук аракеттердин пландарын иштеп чыгууга олуттуу салым кошулду. Биз ЖИге болгон сабаттуулукту жогорулатуу, мугалимдердин потенциалын чыңдоо жана этикалык принциптерге негизделген ЖИни билим берүүгө жоопкерчиликтүү интеграциялоо боюнча конкреттүү милдеттенмелерди колдойбуз.

(С) Бермет Ибраимова – ККИИ директорунун илим боюнча орун басары

Добавить комментарий