2025-жылдын 30-октябрында Социалдык фонддун өкүлдөрү Э.Оморова, Б.Сарымсакова жана У.Батыркулова Кесиптик колледждин студенттерине «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасы жана пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу» темасында конок лекция өтүштү.

Сабакка финансы, социалдык иш, психология жана котормо иши багытындагы 2–3-курс студенттери жана окутуучулар катышышты.

Конок лекция катышуучулар үчүн пайдалуу жана кызыктуу маалыматтар менен коштолду. Студенттер пенсиялык системанын мааниси, анын түрлөрү жана жарандардын социалдык корголушун камсыздоодогу ролу тууралуу кеңири маалымат алышты.

(С) А.Э.Каныбекова – МИ жана ӨП боюнча директордун о.б.

Добавить комментарий