2025-жылдын 30-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин инвестициялар боюнча проректор Гулбара Сыдыкова Кыргызпатенттин инновациялык китепканасында болуп өткөн улуу жазуучу, ойчул жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовго арналган иш-чарага катышты.

Иш-чараны Кыргызпатенттин инновациялык китепканасы, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форуму жана Маданият министрлигине караштуу кинематография департаменти биргелешип уюштурушту.

Кеченин жүрүшүндө кинематографисттер менен чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдерден жана спектаклдерден үзүндүлөр көрсөтүлдү. Ошондой эле сүрөтчү Динара Жумабаеванын эмгектеринен көргөзмө уюштурулду.

Катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабият менен улуттук кинематографиянын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилешип, анын мурасын кийинки муундарга жеткирүүнүн маанисин баса белгилешти.

Иш-чарага о.э. инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Суймонова катышты.

(С) Суймонова Ж.М. -инвестиция бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий