А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын профессору Бекболот Канетовдун “On the R-compactification of uniform spaces” жана “On countably uniformly paracompact mappings” аталыштагы эки илимий макаласы рецензиялануучу импакт фактору бар SCOPUSта индекстелген “Americian Institute of Physics” журналынын, NY (SJR(SCI Journal Rank)=0,164) октябрь айындагы номерине “автор-корреспондент” макамы менен жарыкка чыкты.

Профессор Б.Э.Канетовдун дагы бир макаласы Сербиянын “Mathematica Moravica” журналынын рецензенттеринин оң баасын алып кийинки номерлеринде жарыкка чыкмай болду.

Добавить комментарий