2023-жылдын 4 – 7 – октябрында Түркиянын Сиирт университетинде Түркия Республикасынын 100 жылдыгына жана Түрк дүйнɵсүнɵ арналган эл аралык илимий симпозиум болуп ɵттү.

Жыйынга Ж.Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чɵлкɵм таануу институтунун чɵлкɵм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору Т.К.Чороев (Чоротегин) катышып, 2 баяндама жасады. Анын бири Рахманкул хан Жапаркул уулу жетектеген ооган кыргыздарынын 1982-жылы Ван аймагына кɵчүшүнүн 41 жылдыгына арналса, экинчиси байыркы кыргыздардын тарыхы тууралуу профессор Ю Тайшандын жаң этнологиялык сунушун чечмелɵɵгɵ арналды.

(С) Шаршенбек кызы Айпери – чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий