2023-жылдын 6-октябрында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун педагогикалык колледжинин ПНК-2-23 группасынын студенттери окутуучу Женишбек кызы Назгүл менен биргеликте А.Осмонов атындагы Улуттук китепканага барышты.

Экскурсиянын жүрүшүндө алар китепкананын “Абай”, “Перс”, “Корея”, “Орус адабияты жана маданияты”, “Мезгилдүү басылмалар”, “Юридикалык адабият“ бөлүмдөрү менен таанышышты. Сейрек кездешүүчү китептер бөлүмүндөгү эң чоң китеп жана 5 мм болгон эң кичине китептер студенттердин кызыгуусун туудурду. Алар о.э. А.Осмоновдун музейинде да болушту.

Экскурсия учурунда китепкананын жетекчилиги менен ар кандай иш чараларды чогуу өткөрүү макулдашылды.

Добавить комментарий