2023-жылдын 9-октябрында кесиптик колледждин директору Каныбек уулу Ардакбек Улуу Британиянын “Chester College of New England” колледжинин жана “English examination” компаниясынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тилек Уркунчиевди кабыл алды.
Жолугушууда кесиптик колледждин 9-класстын базасындагы 1-курстун баардык студенттерине Улуу Британиянын “Chester College of New England” окуу жайында да билим алып, кош диплом алуунун жол-жоболору талкууланды. Эми, аталган окуу жайдын студенттери 10-октябрдан тарта кош диплом алуу боюнча толук маалымат алып, даярдоо курстарына бара башташат.
(С) Отонбаева Рахима – кесиптик колледждин директорунун орун басары