2023-жылдын 12-октябрь күнү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери борбор шаарыбызда жайгашкан “Үмүт” карылар үйүнө концерттик программа менен барып келишти.

Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмазбек менен факультет деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Сүймөнова Жылдыз жагымдуу сөздөрүн айтып, белектерин тапшырышкан соң, иш чара студенттердин ыр, бийи менен уланды.

Концерт аяктагандан кийин, ак сакалдуу аталар менен балпайган апалар мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттерине ыраазычылыгын билдирип, ак баталарын беришти.

(С) Сүймөнова Жылдыз – тарбия иштер боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий