2023-жылдын 11-октябрь күнү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 1-курсунун 60 студенти тарбия иштери боюнча декандын орун басары Жылдыз Сүймөнова менен биргеликте Ак үйгө барышып, кыргыз паламенти менен таанышышты. Андан кийин Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, кандай иштер жүрөт, кимдер сүйлөйт, орчундуу кандай маселелер көтөрүлүп жатканына жеринен күбө болушту.

Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев менен кездешип, эл өкүлүнүн “Убактыңарды туура пайдалангыла. Англис тилин болушунча эртерээк үйрөнгүлө”, – деген кеңешин угушту.

(С) Жылдыз Сүймөнова — тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий