2023-жылдын 14-октябрь күнү жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин кызматкерлери “Инсандык өнүгүү” студенттик клубунун студенттери менен биргеликте “Эне-бала мээрими” балдар үйүнө кайрымдуулук максатында барып келишти.
КУУнун жаштары балдар үйүнүн тарбиялануучуларына күндөлүк керектелүүчү азык-түлүк, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана башка буюмдарды алып барышты. Алар о.э. балдарга түшкү тамак жасап, балдардын көңүлүн көтөрүп кайтышты.
(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору