2023-жылдын 25-сентябрынан 6-октябрына чейин социалдык-гуманитардык илимдер институтунун профессордук-окутуучулар курамы Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы республикалык илимий-методикалык борбордо Кыргызстандын бардык региондорунан келген орто кесиптик окуу жайлардын окутуучуларына “Педагогика жана психология” программасы боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарын өтүштү.
СГИИнин доценттери Камчыбек уулу М., Баялиева А.С. жана Арстанбекова М.А. педагогика, психология, курактык психология, заманбап педагогикалык технологиялар, мугалимдин педагогикалык чеберчилигинин негиздери, конфликтология жана инклюзивдүү билим берүү боюнча семинардык сабактарды жана мастер-класстарды өтүштү.
Курс аяктаган соң, анын угуучулары “Педагогика жана психология” программасы боюнча сертификат алышты.
(С) Баялиева А.С. – доцент