Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (мындан ары – Илим министрлиги) бюрократиялык жол-жоболорду кыскартуу, кыргыз илиминин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу, илим, билим жана өндүрүш ортосундагы байланышты жакшыртууга, ошондой эле, жаш окумуштууларды илимге кызыктыруу, илим тармагында эффективдүүлүктү жогорулатуу максатында илимий даражаларды жана наамдарды ыйгаруу тартибине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.
Алсак, бүгүнкү күндө изденүүчүлөр илимий даража алуу үчүн бирин-бири кайталаган бир нече эксперттик комиссиялардын алдында (диссертациялык кеңештин алдындагы эксперттик комиссия, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын алдындагы эксперттик кеңеш) жактоосу талап кылынат, бул ашыкча бюрократияга алып келген. Өз кезегинде мындай көрүнүш кошумча чыгымдарды жана коррупциялык көрүнүштөрдү пайда кылды. Мындай көрүнүш аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн нааразылыгын жараткан. Андыктан министрлик буларды толугу менен жоюу чечимин чыгарды.
Мындан тышкары, ондогон жылдар бою Илимий тармактар боюнча илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасы боюнча шифрлердин жасалма кеңейтилген тизмеси сакталып келгени жаш илимпоздор үчүн негизги көйгөйдү жаратып келген.
Ошондой эле, шифрлердин көптүгү илимий иштердин темасын аныктоодо жана аларды даярдоодо бюрократиялык жана коррупциялык элементтерди көбөйтүп, жаш илимпоздорго жасалма тоскоолдуктарды жаратып келген. Натыйжада шифрлердин санын эки эсе кыскартуу чечими кабыл алынды.
Диссертацияларды коргоого изденүүчүлөрдү кабыл алуунун дагы бир милдеттүү талабы – кандитаттык экзамендерди тапшыруу болгон, ал дагы жоюлууда.
Аны менен бирге, илимий даражага ээ болгон адистерди Кыргызстандын илимий ишмердүүлүгүнө жигердүү кызыктыруу максатында, чет өлкөнүн PhD илимий даражасын таануу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда.
Мындай чаралар ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган жана илим чөйрөсүндө жагымдуу шарттарды түзүп, өлкөдөгү илимий изилдөөлөрдүн жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзөт.
Маалымат катары айта кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда министрликтер менен мекемелердин, ошондой эле Жогорку окуу жайлары менен Илимдер академиясынын карамагында 72 илимий уюм жана мекеме бар.
Учурда министрлик тарабынан, илимий иштеп чыгуулардын колдонулушу жана өндүрүмдүүлүгү боюнча алардын ишмердүүлүгүнө деталдуу анализ жана мониторинг жүргүзүлүүдө. Баалоонун жыйынтыгы менен илимий ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана кадрдык потенциалды чыңдоо максатында оптимизация жүргүзүлүп, каражаттар кайра бөлүштүрүлөт.