2025-жылдын 5-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Чүй облусунун демилгеси менен уюштурулган “Жаңы муун — жаңы тарых” аттуу жаштар форумуна катышты.
Иш-чарада КУУнун проректору, профессор Назаркул Ишекеев улуу ойчул, түрк дүйнөсүнүн мурасы Жусуп Баласагындын беш томдук эмгегин Кыргыз Республикасынын президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевге белекке тапшырды. Форум алкагында жаштарды кесипке багыттоо боюнча да пикирлер айтылды.
Анда КУУнун Кыргыз-Кытай институту билим берүүнүн багыттары боюнча көргөзмөсүн уюштурду.
Көргөзмөгө Жогорку Кеңештин депутаттары да кызыгуу менен келишип, пикир алышты.







